Сөзсүз көрүшүңүз керек! Оштун эң кооз 5 локациясы

Ош облусу туристтерге жаратылышты, маданиятты жана тарыхты айкалыштырган уникалдуу жайларды сунуштайт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү маалымат таратып, видео жарыялады.

Кыргызстан туризмди өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалга ээ жана Борбордук Азиядагы туризм индустриясынын чордону болуу мүмкүнчүлүгү чоң.