«Сөзсүз кыйкырып, ызы-чуу кылыш керекпи?». Кокулов ишеним телефону иштеп калганын айтты

Депутат Эрулан Кокулов «Министрдин иш бөлмөсүнө кирип барбай, кезек күтпөйсүңбү? Этика деген барбы?» дегендерге жооп кылып, видеонун уландысын киргизди.

Анда Кокуловдун министрликке барганы, аны 5 мүнөт күтүп турууну суранган үчүн күтүп турганы, акыры кезек күтпөгөндөр иш бөлмөсүнө кире баштаганда, мыйзамды колдонуп киргенин көрүүгө болот.

Ал кечээ, 6-сентябрда ошол эле ишеним телефонуна чалып, ага жооп болгонуна кубанып, министрликке ыраазычылык билдирди. «Мына туугандар иштеп жатат. Бир нерсе иштеш үчүн ызы-чуу кылыш керекпи? Кыйкырып, өкүрүш керек болсо, мен күнөөлүүмүнбү? Айла жок болуп жатат. Бул элдин талабы», — деди ал.