«Сөзүмдү артка алдым»: Балбак Түлөбаев Аламүдүн районунун жашоочуларынан кечирим сурады

Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын алдында Аламүдүн районунун тургундарынын митинги өтүп жатат. Алар муниципалитетти борбор калаанын чиновниктери айыл тургундарынын жерин басып алып жатат деп айыпташууда.

Митингчилердин айтымында, жакында алардын районуна мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев барып, Аламүдүн районунун аймагын шаарга кошуп, ага көп кабаттуу үйлөрдү курууну каалайбыз деп айткан.

«Ата-энелерибизге жер тилкелери берилген, кээ бирөөлөр жер тилкени 2005-2006-жылдары сатып алган. Канча жылдан бери жердин трансформацияланышын күтүп жатабыз. Садыр Жапаров бизге жардам берүүгө убада берди. Балбак Түлөбаев келип президентке каршы сүйлөп жатат. Биз Чүй облусуна таандыкпыз», — дешти митингчилер. Алар өз жер тилкелерин 25 жылдан бери коргоп келгендигин кошумчалашты. «Бул биздин жеке менчик, эмне үчүн аны бирөө алышы керек?», — дешти алар.

Митингчилердин алдына Балбак Түлөбаев чыга алган жок. Ал муну шаардык кеңештин өтүп жаткан жыйыны менен байланыштырды. Бирок ага жолугушуу үчүн Аламүдүн районунун тургуну кирген.

Мэрдин милдетин аткаруучу ага сөзүн артка алганын билдирген.

“Мен бул жерлерди аферисттер сатып ийбесин деп ойлогом. Анда сөзүмдү кайра артка алам. Мен тескерисинче, силерге жардам берүүгө даярмын. Ал жерге менин тиешем жок. Сокулук районундагы жерлердин трансформациясын чечип берем. Элге салам айтып кой”, — деген Түлөбаев.