«СПИД уулум менен жолдошумду алып тынды» дейт ВИЧ статусу бар эне

Бүгүн, 1-декабрь — СПИД менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Кыргызстанда ВИЧ/СПИД илдети менен 12 миңден ашык адам каттоодо турат. Алардын бири 37 жаштагы Жамал. Ал ВИЧти мындан 7 жыл мурда жуктуруп алган. Каарманыбыз аталган оорудан анын жолдошу, анын артынан уулу каза болгонун айтып берди. «Ушул вирустун айынан тууган-туушкандарым, дос-курбуларым мени менен сүйлөшүүдөн баш тартышты” дейт ал.

«Мындан 7 жыл мурун ВИЧ жуктуруп алгам. Өзүм Тажикстандан болом. 6 жашымда апам каза болуп, таежемдин колунда чоңойгом. Ал өзүнүн досуна 16 жашымда турмушка берген. Жер-жемишти Казакстанга өткөрүп иштечү. Экөөбүз 13 жыл жашадык. Эки балалуу болдук. Анан эле жолдошум катуу ооруп калды. Бир күнү дене табы көтөрүлүп, эч бир дарыгер диагноз коё алган жок. Ошол менен эле арыктап, каза болуп калды. Ал учурда ВИЧ деген түшүнүк жок болчу. Дарыгерлер мени чакырып, ВИЧ экенин айтып, «балдарыңар менен текшерилгиле» деди. 10 күндөн кийин бир балам менен менде бар экенин айтышты. Келип эле туугандарга айтып салыптырмын. Мени башкача карап калышты. Анан шаарга келе бердим», — деди ал.

Ал шаарда баштан өткөргөн окуяларын айтып берди. Анын айтымында, аял баш калкалоочу жайда 2 баласы менен күн көрүп жүргөн учурда ал жерге журналисттер барып калышкан. Алар СПИД борборуна каттоого киргизишип, акча чогултуп батирге чыгарышкан. «Дары ичип, күндөгүдөй жашап жаттык. Анан эле ооруган балама кызамык чыкты. Балам арыктап, жакшы боло алган жок. Ошону менен дене табы көтөрүлүп, ооруканада каза болду», — деди ал.