Спикер: «Депутаттар жаңы парламент шайлангыча ыйгарым укуктарын сактап турат»

«Депутаттар жаңы парламент шайлангыча ыйгарым укуктарын сактап турат». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.

«Эгерде зарыл учурлар болсо, Жогорку Кеңештин төрагасы катары мен ошол замат кезексиз сессия чакырууга укугум бар. Ошол үчүн аракеттеги парламент болуп кала беребиз»,- деди ал.