Спикер Шакиев Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн реабилитациялык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна барып, социалдык мекеменин ишин жана муктаждыктарын жеринде көрдү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханджеза жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан.

Төрага балдардын күчү менен даярдалган концерттик программаны көрүп, сөз сүйлөдү. Анда Нурланбек Шакиев алдыдагы датаны – жыл сайын 3-декабрда белгиленүүчү Эл аралык майыптар күнүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата мамлекеттик саясаттын негизги принциптери тууралуу сөз кылып, майыптардын укуктарын сактоо, социалдык жактан коргоо жана башка кепилдиктерди камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан негизги чараларга токтолду.

«Биринчиден, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды чоң мээрим жана камкордук менен тарбиялап жаткан кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирем. Куранда айтылгандай, майыптар чыдамкайлыгы жана өжөрлүгү менен дени сак адамдарга үлгү жана Жараткан аларга жалаң жакшылыктарды ыроолойт», — деп баса белгиледи төрага.

Мындан тышкары, Нурланбек Шакиев ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ден соолугун сапаттуу реабилитациялоону жана коргоону Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы мыйзамдарына, ошондой эле мамлекеттик гарантиялар боюнча программасына ылайык камсыз кылуу зарылчылыгына көңүл бурду.

«Бүгүнкү күндө мындай борборлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жетет жана парламент көзөмөлдөөчү орган катары бул маселеге өзгөчө көңүл буруп келүүдө», — деди төрага.

Реабилитациялык борбор менен таанышуу учурунда төрага балдардын колунан жаралган буюмдардын кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү менен таанышып, борборго өзунун резервдик фондусунан 200 миң сом суммасында бир кир жуугуч, эки кургатуучу машинаны, кир жуучу жана гигиена каражаттарын,  жана балдар үчүн атайын белектерди тапшырды.