«Спорт кандай бааланса, билим да ошондой баалансын» дегендер кайрылуу жасашты (видео)

Кыргызстандык окуучулар математика, физика жана информатика боюнча XX эл аралык Жаутыков олимпиадасында 4 күмүш медаль, 13 коло медаль жеңип алышканын Билим берүү министрлигинен билдиришкен. 

Олимпиада 8-январдан 13-январга чейин Алматы шаарында өтүп, ага 16 өлкөдөн 700дөн ашуун окуучу катышкан. Эл аралык олимпиадага Кыргызстандын атынан алты команда катышып, үч окуучу жекече катышты.

Олимпиадага даярдоо борборунун жетекчиси Улукбек Ажибаев кайрылуу жасады.

«Спортчуларды эле Олимпиадалардан тосуп ала бербей, Кыргызстандын курамасы Казакстанда жылда өтө турчу олимпиадада 17 медаль менен келишти. Биз аларды түн ичинде тосуп алдык. Биздин тилегибиз, Кыргызстанда спорт кандай бааланса, билим да ошондой баалансын»,- дейт ал.