Спортчу Айпери Медет кызы жол эрежесин бузбаганын билдирди

Спортчу Айпери Медет кызы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жол эрежесин бузбаганын билдирди.

«Бүгүн кызыктай окуя болду. Бишкек шаарынын урматтуу кайгуул кызматкерлери жол эрежесин бузган унааны меники дешиптир. Бул тууралуу кабар бардык жерде тарады. Мен жол эрежесин бузбайм, силерге да кеңеш берем», — деп жазды ал.

Кечээ, 28-апрелде социалдык тармактын колдонуучулары «Айпери Медет кызы маалымат жыйында отурса, унаасын БШКнын алдынан эвакуатор менен жүктөп кетти» деп жазышкан. Ал эми милициянын кайгуул кызматы эгер унаа спортчу кызга таандык болсо, “Ак-Жолтой” убактылуу токтотуучу айып короо жайынан алып кетсе болорун билдиришкен.