«Спортчулар керемет деп баалашты». Олимпиадалык кураманын формасынын дизайнери үн катты

Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасы үчүн параддык форманын дизайнын иштеп чыккан Алтынай Рыскулова соцтармактагы баракчасына билдирүү жарыялады.

«Максат жогорку сапаттагы форманы иштеп чыгуу болду, бирок анда Париждин ысык аба ырайын эске алуу менен заманбап жаштардын стилинде, ошол эле убакта жарашыктуу жана жөнөкөй болушу керек эле. Иштин жүрүшүндө көп кыйынчылыктар болду. Спортчулардын көбү ар жакта болуп, аларды ченей албай жүрдүк. Ошондой эле Эл аралык олимпиадалык комитеттин чектөөлөрү жана эрежелери бар, аларды да буза албайбыз. Андан тышкары өтө чектелген убакыт берилди. Биз үчүн форманы, трикотаждык кийимден тартып бут кийимге чейин Кыргызстанда даярдоо принципиалдуу болду. Ал максатыбызга жеткенибизге кубанычтабыз. Башкы сыйлык — бул спортчулардын форманы керемет деп баалаганы жана ишибиз үчүн командага ыраазычылык билдиргени…Спорттук каармандардын пикири чынында эң маанилүү», — деп жазылат билдирүүдө.