«Спутник» агенттигинин шеф-редактору иликтөөсү үчүн кечирим сурады

«Спутник» агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков кабарчы Эламан Карымшаковдун иликтөөсү үчүн кечирим сурады. Ал видеону социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.

Анын айтымында, кабарчы өзү кечирим сурашы керектигин айтышкан, бирок «Спутник» агенттигинин шеф-редактору катары өзү кечирим сураса туура болорун айтты. «Мен кечирим сурасам жакшы болот. Анткени бул иликтөөдөн менин да кабарым бар болчу. Анын жарыяланышына менин да тиешем бар. Бирок бул иликтөөнүн чыкканы да жакшы болду. Эгер ал чыкпаса, тийиштүү тараптар реакция жасап, бизди Баткендеги курулуш менен жакындан таанышууга алып барбаса, көп нерсени билбей калмакпыз. Каныбек Туманбаев баарын тереңден түшүндүрүп берди. Мен абдан кубанычтамын, биздин өлкөдө Туманбаевдей, «Аманат курулуш инвесттин» жетекчисиндей эл уулдары бар экен. Алар мамлекетке зыян келтирбей, тескерисинче өз каражаттарын курулушка салып жатышат. Эламандын атынан мен агенттиктин шеф-редактору катары туура эмес маалымат таратып, аларга ыңгайсыздык жаратканыбыз үчүн кечирим сурайм», — деди.

«Спутник» маалымат агенттигинин журналисти Эламан Карымшаков Баткенде курулуп жаткан үйлөр боюнча иликтөө жасаган. Анда басым президенттин иш башкармалыгынын Каныбек Туманбаевге коюлуп, Тажикстандын кол салуусунда өрттөнгөн үйлөрдү калыбына келтирүүнүн кечеңдеп жатканын Туманбаевдин жеке кызыкчылыгына байланыштырган.