«Спутник V» вакцинасы менен эмделгендер Сауд Арабияга ажылыкка барса болот

Коронавирустук инфекцияга каршы Sputnik V вакцинасын алгандар Сауд Арабияга 2022-жылдын 1-январынан тарта бара алышат. Бул тууралуу Орусиянын түз инвестициялык фондунун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Спутник V» менен эмделген адамдардын Сауд Арабияга ажылыкка барууга мүмкүндүк берет», — деп айтылат билдирүүдө. Бул өлкөгө орусиялык вакцина менен эмделгендердин кирүүсү Мекке жана Медина шаарларындагы исламдын ыйык жайларына зыярат кылууга мүмкүнчүлүк берет. Өлкөгө киргенден кийин жарандар эки күн карантинде болушат, ошондой эле ПЦР-тесттен өтүшөт.