«Sputnik V» вакцинасын алгандан кийин каза болду делген жаран боюнча эксперттик комиссия түзүлдү

Эмдөө алгандан кийин каза болгон жаран боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде эксперттик комиссия түзүлүп, иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев билдирди.

Анын айтымында, учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.

 «Жаран 19-июль күнү саат 8:30да №1 Үй-бүлөлүк медициналык борборунан Спутник V вакцинасын алган, ал эми 22-июль күнү каза болгон. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин дагы кошумча маалымат берилет»,- деди ал.

Эске салсак, кечээ, 22-июлда Бишкекте 46 жаштагы Назгүл Исакова каза болгон. Жакындары анын  «Sputnik V» вакцинасын алганын айтышкан.