Вакцина салынган муздаткычтын иштебей калышы. Дарыгерлер келтирилген чыгымды бир айда кайтарышы керек

№2 Үй-бүлөлүк медицина борбору иштебеген муздаткычта калып калган «Спутник» вакцинасынын чыгымын 1 айда кайтарышы керек. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, протоколдук тапшырма менен бир ай убакыт берилген.

«Алар Саламаттыкты сактоо министрлигине акча которушу керек. Учурда кошумча вакцина менен камсыздоонун үстүндө иштеп жатабыз. Эгерде зыянга байланыштуу маселе чечилсе, анда кошумча ушул миң дозаны суратып алабыз, ал эми экинчи компоненти дагы деле турат. Дарынын сакталуу мөөнөтү 2022-жылга чейин. Бир жылдын ичинде толуктайбыз», — деди ал.

Буга чейин вице-мэр Виктория Мозгочева 994 доза вакцина 840 миң сом болорун айткан.