Вакцина салынган муздаткычтын иштебей калышы. Материалдык чыгым дарыгерлерге жүктөлүшү мүмкүн

Орусиянын «Sputnik V» вакцинасынын иштебей калган муздаткычта калган 994 дозасынын ордун толтурууга келтирилген материалдык чыгым №2 Үй-бүлөлүк медицина борборуна жүктөлүшү мүмкүн. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, бул боюнча комиссия иштеп жатат.

«Эгерде кызматкерлердин бири — тазалоочу айым же башка бирөө күнөөлүү болсо, анда борбор бардык материалдык чыгымдарды тартат. Экинчи жагынан, бул гуманитардык жардам, а биз болсо, вакцинаны акчалай түрдө кантип калыбына келтирүү керек деп ойлонуп жатабыз», — деди ал.

Буга чейин бул иш боюнча беш адамга сөгүш берилген.