Вакцина салынган муздаткычтын иштебей калышы. 5 медициналык кызматкер сөгүш алды

№2 үй-бүлөлүк медицина борборунун 5 кызматкерине Sputnik V коронавируска каршы вакцинасы салынган муздаткычтын иштебей калганы үчүн сөгүш берилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева журналисттерге билдирди. 

Анын айтымында, тергөөнүн жыйынтыгында борбордун башчысы, анын орун басары жана эмдөө бөлмөсүнүн үч кызматкери сөгүш алышкан. «Муздаткычтын өчүрүлүшү боюнча иш 30-апрелде катталган. Вакциналар кол коюлуп, эч бир жаранга берилбеши үчүн камакка алынды. Жалпысынан 994 доза иштебеген муздаткычта калган», — деди вице-мэр.

Виктория Мозгачева белгилегендей, мындай окуялардын алдын алуу максатында, саламаттыкты сактоо уюмдарында эмдөө процесси жана аларды сактоо жана колдонуу процесси үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү. «Мунун бардыгы катуу көзөмөлгө алынышы керек. Мындай көрүнүш кайталанбашы үчүн максималдуу күч-аракетти жумшоо зарыл», — деди ал.

Буга чейин №2 ҮМБда Орусиядан келген «Спутник» вакцинасы салынган муздаткыч иштебей калганын, 1000 дозага чукул вакцина жарактан чыгып калышы мүмкүн экендиги маалым болгон.