Вакцинанын жарактан чыгышы боюнча эки жетекчи кызматтан алынды. Министр бул тууралуу эмне дейт?

«Спутник» вакцинасынын 994 дозасынын жарактан чыгышы боюнча №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунун жана Ленин районундагы №1 Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилери кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Апрель айында муздаткыч иштебей калгандыктан, Бишкек шаарынын №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунда «Спутник V» вакцинасынын миңге жакын дозасы жарактан чыгышы мүмкүн экени маалым болгон. Бул окуя үчүн аталган борбордун 5 кызматкерине сөгүш берилген. Кийинчерээк Орусия вакциналардын жарактан чыкканын билдирген. Ошондой эле, кечээ, 21-майда аталган борбор вакцинанын чыгымын 1 айда кайтарышы керек экени айтылды.