Стамбулдагы консулдук Кыргыз жарандарын сак болууга чакырат

«Анкара шаарындагы жардыруу окуясынан улам, мекендештерди коопсуздукту сактап, көчөдө, коомдук транспортто сак болууга чакырат. Эл көп топтолгон жерден мүмкүн болушунча оолак болуусун өтүнөт». Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу таратты.

Бүгүн, 1-октябрда Түркиянын бийлиги Анкара шаарындагы Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында теракт орун алганын маалымдады. Аталган өлкөнүн ички иштер министри Али Йерликайанын маалыматы боюнча, жардырууну ишке ашырган террорчулардын биринин көзү тазаланып, экинчиси өзүн жардырып жиберген.