Стас Михайлов, Филипп Киркоров… Бишкекке келчү чет элдик ырчыларга гонорар төлөнбөй турганы айтылды

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынына арналып, 31-августта Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын жана чет өлкөлүк жылдыздардын катышуусунда салтанаттуу гала-концерт өтөт.

Бишкек шаарынын тургундарынын жана конокторунун маанайын чет өлкөлүк эстрада жылдыздары Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, швециялык «Боссон» тобу жана италиялык ырчы-композитор IN-GRID көтөрөт. Салтанаттуу концертте Орусиянын сахнасында жарыгы жанган кыргызстандык ырчы Амирчик дагы ырдайт.

Президенттик администрациядан ырчыларга мамлекет тарабынан же жеке тараптар аркылуу дагы эч кандай гонорар төлөнбөй турганын билдиришти. «Алар 100 жылдык мааракени куттуктап келишүүдө. Болгону жатаканасын жана тамак-ашы менен гана камсыздайбыз»,- деп айтылат маалыматта.