Статистика: Кыргызстанда 55 абышкага 100 кемпир туура келет

Өлкөдө 100 кемпирге 55 абышка туура келет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 1 январына карата Кыргызстанда 80 жашка жеткен же ашкан кемпирлердин саны абышкаларга караганда дээрлик 2 эсе көп, тактап айтканда, 100 кемпирге 55 абышка туура келет.

Ошондой эле мекеменин айтымында, 2020-жылдын 1 январына карата статистикада Кыргызстанда 6,5 миллион адам жашаган. Алардын ичинен аялдардын саны 3,3 миллионду, эркектердин саны 3,2 миллионду түзгөн.

«Жыл сайын эркек балдар кыздарга караганда көбүрөөк төрөлөт. Учурда төрөлгөн ымыркайлардын ичинен 100 кызга 105 эркек бала туура келет»,-деп айтылат маалыматта.