Статистикалык комитет: «Өсүмдүк майына болгон баа жогорулап жатат»

Улуттук статистикалык комитет өсүмдүк майына чекене баалардын жогорулоосу уланып жатканын билдирди. Маалыматка караганда, Улутстатком тарабынан республиканын 18 калктуу конуш пункттары боюнча күн карама жана пахта майына карата жүргүзүлгөн орточо керектөө бааларынын орточо баасы 181,77 сомду түзгөн. Бул өткөн айга салыштырмалуу 2,6 пайызга жогору. Ал эми пахта майына болгон баалар 1 килограмм үчүн 176,26 сомду түзгөн жана 3,8 пайызга өскөнүн көрсөткөн.

«Күн карама майына болгон баалардын өткөн айга салыштырмалуу Жалал-Абад шаарында — 6,3 пайызга, Талас шаарында — 4,9 пайызга,  Токтогул шаарында — 4,3 пайызга жогорулады», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Мамлекеттик монополияга каршы агенттик бүгүнкү күнгө чейин кумшекерге жана өсүмдүк майына чекене баа максималдуу чектен ашып кетпегенин билдирди. Агенттик Кыргызстан бул товарларга бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизгенин эске салды. 25-майдагы буйрук менен өсүмдүк күн карама майын жана кумшекерди дүңүнөн сатуу бааларына чекене үстөк бааларын белгиленген. “Мамлекеттик агенттик жума сайын дүң жана чекене бааларга мониторинг жүргүзүп турат. 111 чыгуу болуп, 598 объектте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Белгиленген соода баасын бузгандыгы үчүн соода ишмердигинин субъектилерине 35 көрсөтмө берилген», — деп билдиришти агенттиктен.