Стилисттин талкууга түшкөн видеосу. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия кофейняга эскертүү берди

Коомчулукта талкуу жараткан кофейня боюнча Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан көзөмөлгө алынып, мыйзам чегинде жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилди. Бул тууралуу аталган комиссиядан маалымдашты.

Буга чейин белгилүү стилист жана дизайнер Замира Молдошева соцтармактагы баракчасына видео жарыялап, Бишкектеги кофейнялардын биринде кыргыз тилинде сүйлөөгө болбой турганына нааразы болгон.