«Стресстен, чарчоодон болот». Алымкадыр Бейшеналиев Жапаровдун абалын айтты

Акылбек Жапаровдун абалы учурда канааттандырарлык. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Министрлер кабинетинин төрагасы эртең мененки саат 07:30 чамасында түшкөн. «Мен эртең менен Жапаровду өзүм көрдүм. Анын оорусу стресстен, чарчоодон болот. Ооруканага түшкөндө инфаркт деп ойлогонбуз. Анализдери чыгып, кароо жүргүзүлгөн соң, ал оору четке кагылды. Азыр абалы канааттандырарлык», — деди министр.

Буга чейин Акылбек Жапаровдун Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу түшкөнү маалым болгон.