«Студент кыз төрөп, үйүнө бара албай». 30 балалуу ата башынан өткөн окуяны айтып берди

Биз бул ирет Сокулук районунун Маловодное айылында 30 бала менен очор-бачар жашаган үй-бүлөнүн үйүнө бардык. Балдардын атасы “Өзүмдүн 5 балама кошуп, багар-көрөрү жок 25 баланы асырап алгам” дейт.

Анын айтымында, бул иш 2011-жылы башталган. Досунун кызынын турмуштан жолу болбой, 3 баласын таштоого аргасыз болгон. Ошондон баштап бала багып келет. «Мен бала ата-энесинен ажырабаса дейм. Бир күнү бир студент кыз келди. Дене тарбия сабагынан чуркап баратып кулап калган экен. 7 айлык боюнда бар экенин билет. Төрөгөн соң, дароо ата-энесине бара албай, бизди таап келишкен. Ошондон кийин студенттер менен иштедик. Алдангандар, жаңылгандар бар. Алар боюндагысы менен үйүнө бара алышпайт. Алар анан өзүнө кол салган же баласын таштап салган учурлар болбосун деп иштейбиз», — деди ал.