Айрым студенттер Акаевдин лекция окушуна каршылыгын билдиришти

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин айрыс студенттери Март окуясында бийликтен куулган Аскар Акаевдин лекция окуусуна каршы экендигин билдиришти. Алар окуу жайдын ректорунун атына кайрылуу жолдошкон. 

«Мен жана биздин муун үчүн Акаев коррупциянын, уурулуктун, кыйроонун жана чыккынчылыктын символу», — деп жазган студент Элхан Алыбаев өз кайрылуусунда.

Ал «келечегин уурдап алган жаш муунга лекция окугусу келгенин шылдыңдоо» деп эсептейт. 

18-майда Март окуясында бийликтен куулган Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаев менен Кыргызстанга келгени маалымдалган.