Студенттердин окуу акысы төмөндөтүлөбү? Өкмөт башчынын жообу

Бүгүн, 16-февраль күнү премьер-министр Улукбек Марипов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфир уюштуруп, анда окуу акысын азайтууну суранган студенттер жөнүндө оюн айтты.

Анын айтымында, ага президент Садыр Жапаров студенттердин окуу акысы боюнча тапшырма койгон.

«Студенттердин окуу акысына жеңилдик берүү боюнча ЖОЖдордун жетекчилери карап чыгыптыр, бирок миң сомдон гана жеңилдик кылышыптыр. Биз буга макул эмеспиз. Ошон үчүн бул маселени кайра карап чыгып, башка жолдорун кароодобуз. Жакынкы күндөрү чечим кабыл алабыз», — деп билдирди премьер-министр.

Кечээ, 15-февраль күнү студенттер Билим берүү министрлигинин алдына окуу акысын 30 пайыздан 50 пайызга чейин төмөндөтүүнү талап кылып митингге чыгышкан. Буга чейин алар өкмөттөн пандемияга байланыштуу онлайн окуу жүргөндүктөн, алардын окуу акысынын жарым баасына чейин төмөндөтүп берүүнү суранышканда, андай жеңилдикти өкмөт бере албарын айтышкан болчу.