Суданда жүк ташуучу учактын атып түшүрүлүшү. «Манас» аэропорту маалымат берди

Суданда атып түшүрүлгөн учак Кыргызстанда катталган New Way Cargo Airlines авиакомпаниясына таандык болгонун «Манас» аэропортунан билдиришти.

Атып түшүрүлгөн учакта көз жумгандар арасында орусиялык Виктор Гранов болгон. Анын документтеринен «Манас» аэропортуна таандык тархетка табылган. Аэропорт документ ага учакты Бишкектен Ошко алып баруу үчүн май айында берилгенин маалымдады.

«Бирок бош эмес болгондуктан, учкан эмес. Мындай тархетканы аэропорт өзүнүн кызматкерлерине эле эмес, аэропорт менен келишим боюнча кызматташкан бардык компанияларга берет. Муну менен алар аэропорттун терминалына тоскоолдуксуз кире алышат», — деп жазылат маалыматта.