Судья Мира Жээнбекова УКМКнын маалыматын төгүндөдү

Судья Мира Жээнбекованын мыйзамсыз байышы тууралуу УКМК таратып жаткан маалымат чындыкка туура келбейт. Мындай билдирүүнү Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы таратты.

Мекеме Мира Жээнбекова Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы кызматына 2016-жылы 29-апрелде дайындалганын билдирет.

«Мира Жээнбекованын айтымында, УКМК тарабынан саналып кеткен мүлктөр анын үй-бүлөсүндө ал судьялык кызматка дайындала электе эле бар болгон. 74 элиталык батир жана 10 унаа токтотуучу жай бар турак үй судьянын жолдошуна таандык жер тилкесине салынган. Ал жер тилке Мира Жээнбекованын жолдошуна тартуулоо келишими аркылуу өткөн. Судьянын күйөөсү куруучу компания менен келишим түзүп, анын негизинде тилкеге көп кабаттуу үй курулган. Үйдөгү батирлердин көбү белгиленген тартипте өз салымын кошкон үлүш ээлерине таандык», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин УКМК Бишкек шаардык сотунун судьясынын 74 кымбат батири, 19 соода жайы, 10 унаа токтотуучу жайы, ошондой эле Бишкек шаарынын «алтын аянты» деп аталган аймагында кымбат баалуу жер тилкелери бар экени аныкталганын маалымдаган.