«Судьяга козголгон дагы бир жасалма иш». Жарандык көзөмөл комитети Жээнбековдун карындашы боюнча БУУга кайрылды

Жарандык көзөмөл комитети Кыргызстандагы соттук системанын көз карандысыздыгына кысымдардын улануусуна тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу комитет тараткан билдирүүдө айтылат.

Текстти толугу менен беребиз:

Жарандык көзөмөл комитети БУУнун Агенттиктерине жана эл аралык өнөктөштөргө судьяга карата дагы бир жасалма иш боюнча тынчсыздануу менен кайрылат.

2021-жылдын апрелинде УКМК оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун карындашы судья Мира Жээнбекова мыйзамдуу киреше булактары жок болуп туруп, 74 элиталык батир, 19 коммерциялык имарат жана 10 унаа токтотуучу жай сатып алганын жарыялаган.

TEMIROV LIVE медиасынын журналисттери бул маалыматты текшерип, УКМК бир имараттагы бардык жайларды санап кеткенин аныктаган. Имарат мурда эки үй-бүлөгө таандык жер тилкеге салынган, алардын бири Мира Жээнбекованын үй-бүлөсү. Жер тилке ээлери жердин ордуна УКМК тараткан маалыматта айтылгандай, бардык имаратты эмес, бир нече батир алышкан.

Жарандык көзөмөл комитети бул жалган жалаа УКМКны ашкере жана көзөмөлсүз ыйгарым укуктарга ээ орган катары реформалоону талап кылып жаткан Равшан Жээнбековду жаманатты кылуу максатында атайылап таратылды деп эсептейт. Ошол эле учурда, бул учур бардык соттук корпуска УКМК коррупцияга каршы күрөштү жамынуу менен каалаган судьясына жасалма иш ачып алса боло тургандай коркунучтуу таасирин тийгизет.

Жарандык көзөмөл комитети БУУ Агенттиктерине, Европа Комиссиясына жана башка эл аралык өнөктөштөргө кайрылып, БУУга мүчө мамлекет катары Кыргыз Республикасын адам укуктарын сыйлоого жана соттордун көз карандысыздыгын урматтоого чакырат.

8-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы Равшан Жээнбековдун карындашы Мира  Жээнбекова мыйзамсыз баюeга шектелип жатканы тууралуу маалымат тараткан. Комитеттен Сереп Медиа маалымат агенттигине бүгүн билдиришкендей, учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат.