Судьялардын айлыгын уккан мугалимдердин реакциясы (видео)

Жакында эле соттордун айлыгын көтөрдүк. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Мага 3-4 судья ыйлап келди. «Сиз таза иште дейсиз, биз 70 миң сом айлык алабыз» дейт. Эң аз айлык алганы 70 миң сом экен» дегенден кийин жыйында отурган мугалимдердин реакциясын угууга болот.

«Алар миллиарддык иштерди карайт да, силер андай иштерди карабайсыңар, ошондуктан билбейсиңер»,- деди жылмайган төрага.

«Алар ротация болуп, түштүк жакка барып иштеп жаткандар экен. Батирге 30 миң сом берем, тамак-ашка 20-30 миң сом кетет, бала-чакама 10 миң калса калат, болбосо жок» деди. «Эмне кылалы?» десем, айлыкты көтөрүп берүүнү суранды. Президентке кирдим, айлыктарын 2 эсеге көтөрдү. Азыр эң азы 140-150 миң сом алышат. Силерге да кезек келет. Ошол үчүн аракет кылып жатпайбызбы»,- дегенде залда отургандар кол чаап жиберишти.