Сугат суу. Бишкектеги эки конуштун тургундары митингге чыгышты

Бишкекте Ала-Тоо жана Киргизия-1 конуштарынын 30га жакын тургуну сугат суу менен камсыз кылууну талап кылып, митингге чыгышты. «Жайдын башынан бери сугат суусун ала албай жатабыз. Бакчалар куурап баратат. Мындай абал төртүнчү жыл кайталанууда. Азыр июндун ортосу, арыктар кургап калды. Эл ушунчалык айласы кеткендиктен, өкмөттүк трассаны тосууга даяр», — дешти алар.

Жергиликтүү администрациянын төрагасы Нурлан Ачылов бир суткада суу менен камсыз кылууга убада берди. Ушуну менен акция жыйынтыкталды.