Сугат суу таңкыстыгы. Чүй облусунун дыйкандары Өкмөт үйүнө митингге чыгышты

Бишкекте Өкмөт үйүнүн жанында Чүй облусунун төрт айыл өкмөтүнүн дыйкандары митинг өткөрүп жатышат.

«Биз, Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта, Төмөнкү-Чүй жана Камышановка айыл өкмөттөрүнүн тургундары сугат суунун жоктугунан ушул жерге чогулдук. Суу товарга айланды. Башаламандык болуп жатат, бийлик тарабынан көзөмөл жок. Бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирип, азык-түлүк менен камсыздоонун жетишсиздигине алып келет. Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстан менен өкмөттөр аралык келишим түзгөн деп уктук. Суу жарыкка алмаштырылды. Суу менен нан маанилүүбү же электр энергиясыбы?» — деди Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн тургуну Уламидин Маматкулов.

Митингчилер төрт айыл өкмөтү борбор калааны азык-түлүк менен камсыз кылып тургандыгын эскертишти. «Дагы 10 күн суу жок болсо, анда анын кереги жок болуп калат. Биз чоң жоготууга учурайбыз. Кийин алардын ордун ким толтурат?» — деп алар нааразы болушту.