Сугат суу таңкыстыгы. Чүйдүн дыйкандары Ак Үйгө келүүгө даяр (сүрөт)

Айласы кеткен Чүй облусунун жашоочулары Ак Үйгө келүүгө даяр. Бул тууралуу алар бүгүн, 14-июнда Ат-Башы каналынын жанында өткөн жыйында билдиришти.

Дыйкандар сугат суунун тартыштыгына жана анын акыйкатсыз бөлүштүрүлгөнүнө нааразы. «Суу бар, бирок кайда кетип жатканын билбейбиз. Сокулук районунун акими келем деп убада берди, күтүп жатабыз. Биздин көйгөйлөрдү эч ким чечкиси келбейт. Эл талаага акча коротту, насыя алды, эми эмне кылууну билбей турат. Дагы он күн чыдоого болот, кийин баары толугу менен куурап калат. Ачарчылык башталат», — дешти тургундар. Көйгөйдү талкуулагандан кийин жарандар Бишкекке келүүнү чечишти.

8-июнда Өкмөт үйүнүн алдына Чүй облусунун дыйкандары митингге чыгышкан. Алар сугат маселесин чечип берүүнү талап кылышкан.