Сугат суу таңкыстыгы. Чүйдүн дыйкандары кайрадан митингге чыгышты (видео)

Чүй облусунун дыйкандары сугат суунун жоктугунан кайрадан митингге чыгышты. Ак-Жол айылынын жанындагы акцияга 200гө жакын жергиликтүү тургундар чогулушту.

«Бир нече күндөн бери сугат суусуз отурабыз. Түшүм талаада куурап жатат. Бул жерге жакынкы айылдардан, Ак-Жолдон, Манастан, Дача СУдан жана Сокулук районунун башка айылдарынан адамдар чогулушту. Бизге суу берүүнү талап кылабыз», — дешти алар. 

Буга чейин 14-июнда Өкмөт үйүнүн жанында Чүй облусунун төрт айыл өкмөтүнүн дыйкандары митинг өткөрүшкөн.