Сугат суу тартыштыгы. Чүйдө милиция кызматкерлери түнкүсүн гидротосмолордо кызмат өтөшүүдө

Жайкы эгин-талааларды суугаруу мезгилинде дыйкандар жана фермерлер суу тартыштыгын билдиришип, бир нече жолугушууларды өткөрүшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, эгин талааларга суу бөлүштүрүү учурунда жергиликтүү тургундар арасында түшүнбөстүктөр жаралып жаткандыгына байланыштуу Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти сактоо жана мыйзам бузууларды алдын алуу жумуштарын жүргүзүшүүдө. Учурда Чүй облусундагы суу бөлүштүрүлгөн жайларда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери суугат суунун бирдей бөлүнүүсүн камсыз кылуу жана түшүнбөстүктөрдү алдын алуу боюнча иш алып барышууда.

Бүгүнкү күнү Чүй облусу боюнча 50дөн ашуун милиция кызматкерлери суу бөлүштүрүүчү 42 гидротосмолордо кызмат өтөшүүдө. «Анда милиция кызматкерлери жогорудагы суу бөлүнүүчү жайларда кечкисин саат 20:00дөн таңкы саат 06:00гө чейинки убакыт аралыгында сууну туура эмес бөлүштүрүүнү алдын алуу жумуштарын ишке ашырууда», — деп айтылат маалыматта.