Султанбек Абдрахманов «Сулайман-Тоо» музейинен «Өзгөн» музейине кетти

“Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору Султанбек Абдрахманов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Султанбек Абдрахманов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин буйругу менен Өзгөн шаарындагы “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей коругунун директору болуп дайындалды.