Сулайман-Тоодо өз жанын кыюуга аракет кылган келин мындай кадамга барган себебин түшүндүрдү

24-июнь күнү ӨКМдин кызматкерлери Сулайман-Тоодон боюн таштоону көздөгөн 27 жаштагы аял киши куткарылганын билдиришкен. Куткарылган жаран 27 жаштагы Төлөйкөн айылынын тургуну экендиги аныкталган.

27 жаштагы келин Айгерим Эмилбек кызы Оштогу маалымат жыйында мындай кадамга бараган себебин түшүндүрдү. Анын айтымында, жолдошу 4 баласын көрүүгө уруксат бербей жатат. Келиндин ата-энеси ал кичинекей кезинде эле ажырашып кетишкен. Ал тай энеси менен тай атасынын колунда чоңойгон. 17 жашында өзүнөн 10 жашка улуу жигитке турмушка чыккан. 8 жыл чогуу жашап, 2 кыз, 2 уулдуу болушкан.

Келин буга чейин 3 жолу өз жанын кыюуга аракет кылган. Ал үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жүргөнүн айтты. Ал ажырашам дегенде жолдошу балдарды мындан ары көрбөй турганын айткан. Жалал-Абад шаардык сотунда ажырашуу процесси жүрүп жатат. Жолдошу келинден алимент чегерүү үчүн арыз жазган.

Ал эми келиндин жолдошу бул маалыматтарды четке каккан. Анын айтымында, келинчеги кошунасынын 1 миллион сомго бааланган буюмун уурдоо боюнча кылмышка шектелип, соттук иш уланып жатат. Ал соттун чечимин күтүп жатканын айтты. «Эгер сот көрсөт десе, көрсөтөм, жок десе, жок. Соттун чечимин күтүп жатам», — деген ал.