18-май күнү жааган нөшөрлүү жамгырдан кийин Сулайман-Тоонун түштүк тарабындагы туристтик жолдорго таш кулап, сел жүргөн. Анын натыйжасында, көрөрмандардын коопсуздугу үчүн Сулайман-Тоого кирүүчү жолдор убактылуу жабылгандыгын билдиребиз. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Бүгүн, 20-май күнү тоодогу туристтик жолдорду, Үңкүр музейин тазалоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу, бул күндөрү туристтик жолдор менен Үңкүр музейи көрөрмандар үчүн жабык.