Сулайман-Тоодон боюн таштаган кыздын аты-жөнү аныкталды

Сулайман-Тоодон боюн таштаган кыздын аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалым болгондой, кыздын сүрөтү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган соң кыздын жакындары байланышка чыгышкан. Алар Жалал-Абад облусунан болушат. Ал эми өспүрүм кыз кандайча Ошко барып калганы белгисиз.

Өз өмүрүнө кол салган кыз 2005-жылы туулган, эч жерде окучу эмес. Буга чейин жаш кыздын Сулайман-Тоодон боюн таштап, алган жаракаттарынын негизинде окуя болгон жерден каза болгону айтылып, бирок аты-жөнү такталбай жаткан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.