Султан Жумабек уулу Соң-Көлдө 6 саатта 11,5 чакырым аралыкка сүздү

Жумабек уулу Султан 13-августта Соң-Көл көл аркылуу 6 саатта 11,5 чакырым аралыкка сууну сүзүп өттү. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

«Жумабек уулу Султандын Соң-Көл көл аркылуу 11,5 чакырым аралыкка сүзүп өтүүсүн уюштурууга жана коопсуздугун камсыздоого Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынан, райондук ички иштер бөлүмүнөн, райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун тез жардам бөлүмүнөн тиешелүү кызматкерлер жана Нарын шаардык жана райондук №16 ӨКБдан куткаруучулар тартылды»,- деп айтылат маалыматта.