Султанбай Айжигитов кармоо учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөнүн айтты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов 30-апрелде УКМК кызматкерлери аны жана жубайын кармап, суракка алып барган учурда жаракат алып ооруканага түшкөнүн билдирди. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Ал 30-апрелде жубайы Гүлзат Жолдошова менен адвокатынын үйүнө баратканда атайын кызматтын бир нече кызматкери кармаганын, ошол учурда аялы экөө тең жаракат алганын айткан. Кийин УКМКда суракта болуп, соттук отурумдан соң ден соолугу начарлап, президенттин иш башкармасына караштуу клиникалык ооруканага жатканын кошумчалады.

“Адвокатымдын үйүнүн алдынан УКМКнын кызматкерлери чыгышты. Жактоочумду алып алып суракка баралы деп сүйлөшүп турганда эле алар аялымды машинеге салабыз деп сүйрөп башташты. Ага болушуп, ажыратайын дегенде мени да кармап баштады. Колу-бутубузду кайрып атып, жаракат алдык”, — деди ал.

УКМК бул боюнча азырынча комментарий бере элек.