«Сумканын боосу кокосун мынча кыя албайт болчу» дейт кызынан ажырап, акыйкаттык издеген ата

2023-жылдын февраль айында 30 жаштагы келиндин жансыз денеси өзү жашаган үйдө асынган абалда табылган. Биздин телеканалга маркумдун атасы Жыргалбек Абдыкадыров акыйкаттык издеп кайрылды. Ал кызынын өзүн өзү асып алганына ишенбээрин айтат. Анын айтымында, күйөө баласы кызын муунтуп өлтүрүп, андан кийин асып койгон.

«Менин 3 кыз, 2 уулум бар. Ортончу кызым каза болду. Аны асынып өлдү деп жатышат. Күйөө балам «мен сыра ичкени кетсем, өзү муунуп алыптыр» дейт. Кызым асынып өлчү кыз эмес болчу. Сабалган. Кызымдын чекеси жарылган болчу, мурду сынган. «Телефон чукулап отурасың» деп ошондон башталыптыр. 1-класста окуган баласы «чыны менен бетке чапкан» дейт. Мага саат 6ларда балдар келди. Жакын жашайбыз. Бетинин баары канжалаган. Мойнундагы жиптин изи артка тартып муунткандай болуп жатат. Мойну кыйылып калыптыр. Асынганда жип кирип кетпейт да. Зым менен муунткан окшойт. Сумканын боосу деп жатышат. Ал кызымды көтөрө албайт болчу», — дейт ата.