SUPER TV кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайт!

royal style happy new year 2021 golden background

Жаңы 2021-жылдын кирип келишине саналуу сааттар гана калды. Бул майрамдын сыйкыры ушунда чыгар, сааттын жебеси 12ни кагары менен каалоо-тилектердин баары аткарылчудай эле туюлат. Жаңы жылдык майрамда чоң-кичүүгө карабай, жалпыбыз күнүмдүк тиричиликтен алыстап, жомокторго арбалып, кереметтерге ишенгибиз келет. Мындайга өзгөчө быйылкы жылы бүткүл адамзат суусап турат.

2020-жыл кайсы жагынан алып караба, оор жыл болду. Ден соолуктун баасын, жакын адамдардын баасын, кадыресе жай жашоонун баасын ого бетер билдирген жыл болду. Жамандыкты амандык жеңет деп коюшат эмеспи, бардык сыноолор жана кыйынчылыктарга карабай, адамзат бул жылда да тирүүлүк үчүн күрөшүн улантып жатат.

SUPER TV каналынын эмгек жамааты ар бириңиздерге бекем ден соолук каалайт. Ден соолук болсо, калганы да акырындык менен болоруна ишенебиз. Өлкөбүздө өнүгүү болушуна тилектешпиз. Дагы бир жолу келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз!