Жардамга муктаж SUPERTV’нын каарманы гинеколог жана тиш доктурдун кароосунан өттү

SUPERTV каналы “Тагдыр” рубрикасынын алкагында ала оорусу менен жабыркап, жакында көз жаруунун алдында турган Назгүл Акматова аттуу келиндин тагдырын чагылдырган.

Оор абалда турган келин тиштери түшүп калганын айткан. Ал стомотологдун кароосунан өтүп, дарыгерлер көз жаргандан кийин стоматологиялык жардам көрсөтүүнү убадалашты. Стоматолог, имплантолог Нурмухаммед Жуманазаровдун айтымында, Назгүл Акматовага имплант тиштер орнотулат. Ошондой эле, Назгүл Акматова гинекологдун кабыл алуусунда болуп, кош бойлуулуктун 7-айында УЗИге да түшүү мүмкүнчүлүгү жаралды.

Каарманыбыздын тагдыры кандай өзгөргөнү тууралуу чыгарылышты алдыдагы сааттарда SUPERTV Ютуб каналынан көрө аласыздар.