SUPERTV телеканалынын YouTubе’дагы дагы бир каналы YouTube’дун “Күмүш баскычын” алды

Репортаж-SUPERTV YouTube каналы катталуучуларынын саны 100 миңден ашып, YouTube’дун “Күмүш баскычын” алды.

Аталган каналда өлкөдөгү актуалдуу, социалдык маселелерге байланыштуу бир топ видеоматериалдар жарыяланып келет. Алардын арасында “Тагдыр”, “Акыйкаттык издегендер” рубрикалары көрүүчүлөр арасында популярдуу.

Репортаж-SUPERTV YouTube каналы 2019-жылдын июнь айында негизделген. Бүгүнкү күндө анын 160 миң катталуучусу бар.

Аталган канал – SUPERTV телеканалынын YouTubе’дагы экинчи каналы. Телеканалдын негизги YouTubе каналынын катталуучуларынын саны миллиондон ашты.