SUPERTV’нын аргасыздан ит жеген каарманы: «Азыр жеген тамагым жакшы болуп, кулабай калдым. Иштейин деп жатам»

14-сентябрда SUPERTV’нын “Ачкалыктан иттин этин жегенге аргасыз болдук” деген каармандарына байланыштуу интернетте түрдүү маалыматтар тарады. 24.kg маалымат агенттиги Эмгек министрлигине таянып, үй-бүлөгө 1 миллион 200 миң сом чогулганын жазды. Министрлик “муктаж үй-бүлөгө жумуш сунуштасак, алар жумуштан баш тартты” дешти. Ушул жана башка сөздөрдүн чын-төгүнүн билүү үчүн биз Акышовдордун үй-бүлөсүнө микрофон сундук.

Ал ага «Тазалыктан» жумуш боюнча сунуш түшкөнүн, иштөөгө даяр экенин айтты. «Мурда күнгө чыксам, колу-бутум калтырап, кулап калчумун. Азыр азык-түлүк келип, жакшы тамактанып, кулабай калдым. Иштейм», — деди ал.

«Менин өнөкөт бронхитим бар. Бийикке чыкканда энтигип калам. Тизем тырышып калат. Ызы-чууда башым ооруп кетет. Мен идиш жууп иштегем. Азыр деле иштей алам. Акчасына карап баш тарткан жокмун. Ден соолугум жол берген жок», — деди жубайы.