SuperTV’нын чанда кезикчү ооруга чалдыккан 8 жаштагы каарманы көз жумду. Апасы элге кайрылды

8 жаштагы Муслим аттуу бала гидроцефалия деген чанда кезигүүчү оору менен жабыркап келген. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги баланын апасы менен байланышканыбызда уулунун 3 күн мурда каза болуп калганы маалым болду.

Ал телеканалга, элге ыраазычылык билдирип, ушул күнгө чейин операцияга деп акча которуп жаткандар бар экенин айтты. «Уулум 3 күн мурда көз жумду. Жетишпей калдык. Азыркыга чейин акча которгондор бар. Мен кайрылат элем, акча салуунун кажети жок болуп калды. Сураныч, ошол акчаларды ооруп, муктаж болуп жаткандарга которуңуздар», — деди апасы.

Ал ошондой эле видео чыккан соң, 50-60 миң сомдой чогулганын, президент жолугушууга чакырганын айтты. «Мага президенттин жардамчысымын деген жаран чалып, президент менен жолугушууга чакырды. Мен уулумдун каза болуп калганын айттым. Бирок жардам иретинде жолугушуу керектигин айтып, бүгүнкүгө белгилегенбиз. Курултай өтүп, жолугушуу 29-ноябрга жылып кетти», — деди ал.