SUPERTV`нын каарманы, Азиз Батыровдун шакирти, 11 жаштагы комузчу Бекбол Жузубалиев каза болду

Ырчы, дастанчы, комузчу Азиз Батыровдун 11 жаштагы шакирти, жаш комузчу Бекбол Жузубалиев каза болду. Маалымат анын социалдык тармактагы баракчасына жазылды.

Бекбол 3 жылдан бери апластикалык анемия оорусу менен жабыркап келген. Мындай дарт кичине кезинен тартып колуна комуз алып ырдап келген анын чыгармачылыгын да токтоткон.

SUPERTV телеканалы мындан 11 ай мурун жаш комузчунун тагдырын чагылдырып, кайдыгер эмес жарандар үчүн жардам берүү реквизиттерди жарыялаган. Тилекке каршы, жаш комузчу он гүлүнүн бири ачылбай, узакка созулган оорудан улам жан берди.

SUPERTV телеканалы Бекболдун ата-эне, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.