SUPERTV’нын каарманы: «Балаңды үйгө алмаш, баары бир өлөсүң да» дешти»

Дилбара Асанакун кызынын башынан кечирип жаткан аянычтуу тагдырын биз өткөн жылдын январь айында тартканбыз. Анда ал рак менен күрөшүп жатканын, биринчи күйөөсү оорудан каза тапса, экинчиси таштап кеткенин айткан эле.

Арадан 1,5 жыл өттү. Бүгүнкү күнү каарманыбыз 2 баласын дале жалгыз багууда. Ал бул видеодо “өмүрүмдүн акыркы айларын жашап жатканымды сезип калдым. Көзүм өтүп кетсе, балдарымдын көрөр күнү эмне болот“ деп ыйлап, учурдагы жашоосу тууралуу айтып берди.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0709 33 29 33.

«Ата-энем каза болуп калган. Бир туугандарым жок. Кичүү уулумду төрөгөндөн кийин 3 миң сомдук кичине батирде жашап калдык. Ошол учурда «балаңды сат», «үй алып беребиз, балаңды бер, үйдү улуу балаңа жаздырып коесуң» дегендер болду. Мен кантип сатам баламды? «Сен баары бир өлөсүң, эч кимиң жок болсо, балдарды ким багат» дешти. Ошондон кийин өлөт экем деген ой кетпей койду»,- дейт ыйлаган келин.