SUPERTV’нын каарманы: «Видео чыккандан кийин балдарың менен көчүрүп кетебиз» дегендер болду»

Мындан бир ай мурда SUPERTV’га “Күйөөм башыма таштанды төгүп мени эрмектечү” деген аталыш менен видео чыгып, 5 баланын апасы Бактыгүл Камбарованын тагдыры баяндалган эле.

Каарманыбыз бүгүн байланышып, ага жардам бергендерге ыраазычылыгын айтты. Анын айтымында, видео жарыялангандан кийин кайдыгер карабаган жарандар ага акчалай да, азык-түлүктөн да жардам беришкен. Атүгүл балдары менен аймактарга көчүрүп кетебиз, ал жактан убактылуу үй беребиз дегендер да болгон.

«Жалпы кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Жардамга колун сунгандарга Кудайым миң эселеп берсин. Үйгө келип, чалып, жазып жатышты. Колдон келген жардамдарын беришти. Мени үй менен, мектеп менен камсыз кылганга, бекер жашап турганга аймактарга көчүрүп кетебиз дешти. Бирок балдарымдын мектебине, ооруканага карап баш тартууга туура келди. Менин балдарымды эске алуу менен мага ыңгайлуу болгон убакытка деп, жумуш да таап беришти. Менин кайрылган себебим, ушул ыйык орозодо сооп издеп, соопчулукка үй жааттан жардам берип калышабы деп турам. Бир аз чогулткан акчам бар. Кайрымдуу элим жардам берсе, үй алсам жакшы болмок деп турам»,- деди ал.