SuperTV’нын кабарчысы сабалды. Кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн

SuperTV’нын кабарчысы Бактурсун Жоробеков сабалды. Кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн.

Кечээ, 26-октябрда саат 23:30 чамасында Бишкектин Ленин районунда SuperTV’нын кабарчысы Бактурсун Жоробеков 4 белгисиз жаран тарабынан сабалды. Журналисттин айтымында, кечээ күнү редакциянын номерине белгисиз жаран аны издеп чалганын, ага чейин да чалуулар болуп, аны коркутуп-үркүтүп жүрүшкөн. «Белгисиз жарандар дарыканадан чыкканымда жаныма келишип, бети-башымды уруп-согуп, тепкилеп баштады. Анын ичинен бирөө «Бул SuperTV’нын журналисти» деп, мени камерага тартып киришти. Качан эсимди жоготконумду билбейм, эсиме келип, үйгө келсем, саат 4:30 болуп калыптыр», — деди Бактурсун Жоробеков.

Учурда SuperTV’нын кабарчысы Бактурсун Жоробеков Ленин райондук милициясында арыз жазып жатат.